Коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын жоболорун ишке ашыруу, коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 29 токтому менен 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасы бекитилген.
Ошондой эле коррупция мамлекеттик институттарды, экономиканы жана социалдык адилеттүүлүктү бузуп, өз кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу экенин билдиребиз. Анын кесепеттеринде экономикалык өсүш жайлашы, социалдык теңсиздиктин өсүшү, бийликке болгон ишенимдин төмөндөшү жана улуттук коопсуздукка коркунучтар бар. Сыйлык алуу адилеттикти бузат, ал эми көмүскө экономика бюджеттин кирешелерин төмөндөтөт.
Урматтуу жарандар, эгерде Сиздерге Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинде коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алгандыгы тууралуу маалымат белгилүү болсо, төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз:
- КР ЭМ алдындагы ОЭК департаментинин ишеним телефону (0312) 56-09-98;
- КР Энергетика министрлигинин ишеним телефону: (0312) 67-02-12;


